Кыргыз өлкөсү Орусиядан которулган каражаттар боюнча Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөр арасынан үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук банкынан таратышты.
Маалыматка караганда, 2018-жылдын 9 айында Орусиядан чет өлкөлөргө 9 миллиард 800 миллион доллар которулган. КМШга мүчө мамлекеттердин ичинен Өзбекстан 1-орунду алды (3 миллиард 50 миллион доллар которгон). Ал эми Тажикстан 2-орунду алса, (1 миллиард 900 миллион доллар) Кыргыз мамлекети 3-орунга жайгашкан (1 миллиард 700 миллион доллар).
Казакстан болсо Орусиядан 500 миллион доллар которуп, 4-орунду ээлеген.