Чүйдө бир жарым жаштагы баланы аялдамага таштап кетишти. Наристени 10 күндөн бери эч ким издеп келген эмес

Чүй облусунун Бурана айылында 1 жарым жаштагы наристени кийимдери менен кошо аялдамага таштап кетишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1 жарым жашар бала аялдамага ташталганына 10 күн болду.

"Учурда бала Чүй облустук аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүндө багылууда. Аны ушул күнгө чейин эч ким издеп келген эмес. Наристенин аялдамага калтырылганын Бурана айылынын жашоочулары байкашып, милиция чакыртышкан. Ал эми милиция кызматкерлери ооруканага өткөрүп беришкен. Учурда баланын ден соолугу жакшы", - деди басма сөз кызматкери.

Чүйдө бир жарым жаштагы баланы аялдамага таштап кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
gul3ina
2018-12-20 10:31:18
Жашоон менен куруп калгыр.Таштап атканда эмнени лйлоду акмак десе.Башка сайттарда баланын бети корунуп эле турат эмне жашырып койдунар?
+4
marat_1910
2018-12-20 10:35:32
Айбан да баласын таштабайт го.
+4
engel
2018-12-20 10:39:02
Багып алайын десем куйоом кайынатамдар болбойт... Ээх жашоо неге мынча мыкаачы. Энесине наалат
+2
dastan.bujun
2018-12-20 10:40:33
Жерди токтотуп койгулачы,мен тушуп калайын.
+11
urmat.kg87
2018-12-20 10:41:53
Неге наристенин бетин жаап койдуңар админ.? ачык эле көрсөтө бергиле да, кылмышкер эмеско.
+5
rejepova
2018-12-20 10:48:41
Баланын жузун ачып койобергиле, башка сайттарда ачык эле экен. Тууган уруктары корсо уялып оздоруно келээр....
+4
marat_1910
2018-12-20 10:54:19
Аябай ширин бала экен.кантип ?кантип ушундай ширин баланы таштап кетти?
+2
Munar92
2018-12-20 11:13:47
Мага берсе багып алмакмын
0
Dalil
2018-12-20 11:16:20
Админ башка сайттарда бетин көрсөтүп эле тааныган билгендер болсо айткыла деп чыгып эле жүрөт. А силер бетин жаап керек болсо таап алгыла дегендей кыласыңар.
+4
meni_kut
2018-12-20 11:21:55
Dalil,туура
0
admin_media
2018-12-20 11:26:25
urmat.kg87,Dalil, rejepova, саламатсыздарбы! Мыйзамга ылайык, 18 жашка чыга элек баланын сүрөтүн, ата-энесинин уруксаты жок жарыялоого болбойт.
-2
tattusha
2018-12-20 11:29:23
Иий кичиекей балапан
0
Baapova
2018-12-20 11:35:46
Бироого зар,бироого кор деген ушуда.Бир тараптык болбогула экинчи жакты да ойлогула, ошо таштап кеткенге мажбур болгондур байкуш эне,эмне кылсын, сабап олтуруп салгандан горо таштап кеткендир,таштаган оной болду дейсинербии?эркекктер чечкиндуу болбой жатпайбы аялын,балдарын багалбай жургон эркектер бар ушунун баарына жумушсуздук анан албетте Биздин ЭРКЕКТЕР КУНОООЛУ
+2
AksyKum
2018-12-20 12:29:36
Baapova,эмнеге мажбур болот, мен балдарым үчүн бүт дүйнө менен курошом, эгер олушум анык болсо да курошом, балдарымдын алдында өзүмдүн жаным мен үчүн эч кандай мааниге ээ эмес
+1
Baapova
2018-12-20 14:10:05
AksyKum,оа албетте бала учун баарына даярбыз дечи,бирок беш кол тен эмес да, балдарын оз колу менен да олтуруп салып жатпайбы багалбай
0
Edward.14
2018-12-20 12:09:55
Бироого кор бала,бироого зар бала эх окунучтуу.
0
AksyKum
2018-12-20 12:25:41
Баласын таштаганды көрдүм бирок акчасын таштаганды корбодум
+5
raykray
2018-12-20 13:29:59
Тообо 10сом-акчаны оной таштай албайбыз((( бул адамга тируу балапанго,(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан