"Жугуштуу эмес оорулардын профилактикасын, сергек жашоону колдоо жана элдин кыймыл-аракетин арттыруу" жөнүндөгү жарлыкка ылайык, мамлекеттик мекемелерде күн сайын гимнастика сааттары, жумасына бир жолу "саламаттык күнү" уюштурулат. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерде жумушчулар арасында популярдуу болгон спорттун түрлөрү боюнча мелдештер, дене тарбияга багытталган массалык иш-чаралар өткөрүлүп турат.
Мындан ары Өзбекстандын мамлекеттик мекемелеринде иштеген кызматкерлер күн сайын дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап турушат. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзийоев кол койгонун жергиликтүү маалымат булактары жазды.