"Биз Сирияда узак күрөштүк жана "Ислам мамлекети" террордук тобун жеңдик". Мындай пикирин АКШнын президенти
Дональд Трамп айтканын чет элдик басылмалар жазышууда.
Ошондой эле Трамп "аскерлерибиздин үйгө кайтуу убактысы келди" деген.
"Ак Үйдүн маалыматына караганда, мамлекеттик департаменттин кызматкерлери Сириядан 1 сутка ичинде чыгып кеткен. Ал эми аскер күчтөрү 60-100 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетмекчи. Согуштун негизги бөлүгү аягына чыкты. Сириянын басымдуу бөлүгүндө калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат", - деп жазышат басылмалар.
Сириядагы куралдуу кагылышуулар 2011-жылдан бери уланып келген.