Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра жайлоосу тууралуу маселе көтөрдү. Ал Каркыра жайлоосун Казакстанга сатканга макулдугун берген аткаминерлердин эстелигин тургузууну сунуш кылды.
"Биз тарыхты унутуп баратабыз. Кыргыздын жакшы жерлерин сатканга макулдугун бергендерди жаш муун унутпашы керек. Анткени аларды көрүп, кийин биздин өспүрүмдөр андай жолго барбайт. Мына ошол учурда Каркыра жайлоосун Казакстанга сатканга макулдугун берип, кол койгондор азыр президентке кеңеш берип жүрүшөт. Эгер Жогорку Кеңештин бюджетинде эстелик тургузууга каражат жок болсо, Жаңы жылдан кийин өзүм караштырып көрөйүн", - деди Бекешев.