Баткен облусунун Кадамжай районундагы сурьма комбинаты электр энергиясына жана сууга болгон карызы 72 миллион сомго жеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ар кандай маселелер каралып жаткан учурда депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.
Депутат аталган комбинаттын ишин текшерүү үчүн комиссия түзүү сунушун берди.
"Сурьма комбинаты Кадамжай районун толук каржылап койгонго күчү жетмек. Бирок учурда 72 миллион сом карыз менен отурат. Мындай жол менен кетсе ал жерде эч нерсе калбайт. Инвестор менен түзүлгөн келишимди карап, эгер иштете албай калганда Кыргыз тарапка кайрадан өткөрүү каралса, өзүбүзгө алалы. Башка инвесторлорго берип, иштетүү керек", - деди эл өкүлү.