Парламент бүгүн Асел Кодуранованы вице-спикерликтен чакыртып алууну карайт

Парламент бүгүн Асел Кодуранованы вице-спикерликтен чакыртып алууну карайт. Мындай сунушту бүгүн КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов сунуштап, депутаттар колдоду.

Аталган маселени күн тартибине киргизүүдө 76 депутат "макул" деп добуш берсе, 5 эл өкүлү каршы болду.

Өмүркулов аталган маселеге жабык, электрондук тартипте добуш берүүнү сунуштады. Бирок депутат Ирина Карамушкина бул сунушка каршы чыкты. Айрым эл өкүлдөрү кандай тартипте шайланган болсо, ошол ыкма менен гана добуш берилиши керектигин айтты. Депутат Исхак Масалиев да бюллетен менен добуш берүүнү сунуштады.

Кодуранованы чакыртып алуу боюнча шайлоо жабык, электрондук түрдө өтмөй болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан