"Ош базарында" 4-декабрда чыккан өрт кырсыгынан жабыркаган соодагерлердин соода орундарын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Ал өрттө жабыркаган соодагерлердин айрымдары бүгүнкү күндө карызга товар алып ишин улантып жатат. Алардын бири Кыял 9 жылдан бери соода кылып келген. Анын айтымында, анын башка айласы жок, себеби өрт учурунда күйүп кеткен товарлардын чыгымын төлөп бериши керек.
"Өрт чыккан жерде 2009-жылдан бери иштеп келем. Айына 10 миң сом ижара төлөчүмүн. Ал өрттө орто эсеп менен 400 миң сомго жакын товарым күйүп кетти. Көп жылдан бери иштешип жүргөн товар саткан адамдарга абалымды айтып бердим, алар мени түшүнүп карызга жаңы товар беришти. Азыркы күндө товарымды ушинтип жолдун четине коюп сатып жатам. Өрттөн жабыркаган соодагерлердин көбү учурда базарга чыга элек. Айрымдары гана кайрадан карызга товар алып, ишин улантты. Соода орунарын калыбына келтирип беребиз деп убадалашкан, ошого ишенип эч жакка деле кайрылып, арызданган жокпуз. Болгону тиешелүү документтерди тапшырып койдук. Аны учурда комиссия карап жатканын билем", - дейт соодагер.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
4-декабрга караган түнү орун алган төртүнчү өрт кырсыгынын кесепетинен 500 чарчы метр аянт толугу менен күйүп кеткен. Күйүп кеткен соода орундары "Зетта" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болгон. Аталган коом берген маалыматка ылайык, ал өрттөн келишимдин негизинде ижара төлөп соода кылып келген 21 адам жабыркаган. Андан сырткары, өрттө 20га жакын кош ижарачынын товары да күйүп, зыянга учураган. Алдын ала берилген маалыматтаргы ылайык, аларга 10 миллион сомдун тегерегинде чыгым келтирилген.