Жогорку Кеңеште вице-спикер Асел Кодуранованын маселесин күн тартибине киргизүүдө депутаттардын ортосунда пикир келишпестик чыкты

Бүгүн, 20-декабрда парламенттин жалпы жыйынында депутат Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин вице-спикери Асел Кодуранованы кызматка чакыртып алуу маселесин күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

Өмүркулов добуш берүүнү жабык түрдө өткөрүү керектигин билдирди.

Депутат Исхак Масалиев талкууну баштап сунуштарды угуу керектигин айтып, Жогорку Кеңештин төрагасына мыйзамдын негизинде иш алып баруу керектигин эскертти.

"Дастан Артисбекович, ушундай абал сиздин башыңызга да келип калышы мүмкүн. Ошондуктан мыйзам чегинде иш аткарыңыз. Ордуңузду сыйлаңыз. Мындан тышкары кандай шайланса, ошондой добуш берилсин. Бюллетень менен шайланышы керек. Жабык түрүндө кылып эмнени жашырып жатасыңар", - деди эл өкүлү.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кодуранованын ишин бүгүн кароо керектигин белгиледи.

Депутат Алтынбек Сулайманов төрага Дастанбек Жумабековду вице-спикердин ишин күн тартибине мыйзамды одоно бузуу менен киргизгенин сынга алды.

2017-жылы 1-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикерликке КСДП фракциясынан депутат Асел Кодуранованы шайлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан