Алтынбек Сулайманов төрагага: "Эгер ушундай кыла берсеңер, үчөөңөр тең кызматтан түшкүлө"

Вице-спикер Асел Кодуранованы кызматынан чакыртып алуу сунушу парламентте ызы-чуу жаратты. Депутаттар аталган маселени күн тартибине киргизүүдө регламент бузулганын айтышууда.

"Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков регламентти бузуп жатканын айтты.

Сулайманов: "Регламентти өзүңүз бузуп, кайда шашып жатасыз? Эгер ушундай кыла берсеңер үчөөңөр тең кызматтан түшкүлө, башкаларды коёлу. Менин мынтип айтууга укугум бар".

Жумабеков: "Сиз айтсаңыз эле түшүп кете беребизби?"

Сулайманов: "Сиз кыйкырбаңыз! Мага үнүңүз жетпейт. Ылдыйда жүрөсүз. Жашыңыз да жете элек. Анда бүгүн силердин маселеңерди да карап, ишенбестик көрсөтөбүз".

Жумабеков: "Мага түшүндүрбөй эле коюңуз".

Калган депутаттар Сулайманов менен Жумабековду сабырдуу болууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан