Кыргыз рыногунда белгилүү телекоммуникациялык "Beeline Кыргызстан" компаниясы киберспорт лигасын жарыялады. Уюштуруучулардын айтымында эл аралык деңгээлдеги оюнчулар спортчу аталып калышты, ал эми киберспорттун артында кең келечек турат.
2019-жылдын январь айынан тартып Beeline киберспортчулардын арасында ар түрдүү багыттар боюнча үзгүлтүксүз турнирлерди өткөрүп турмакчы. Бул демилге оюн спортун Кыргыз өлкөсүндө өнүктүрүүгө багытталып, катышуучулар өздөрүн профессионал киберспортчу катары өстүрүүсүн шарттайт.
Долбоордун менеджери Бактыбек Айтбаев билдиргендей, лиганын 1-турнири DOTA 2 оюнуна арналат. Команда менен ойноонун аудиториясы ар башка – алар өспүрүмдөрдөн баштап 35 жашка чейинкилер. “Дотерлер” арасындагы эл аралык турнирлер видеостриминг сервиси аркылуу көрсөтүлсө, аны миллиондон ашык көрүүчүлөр көрөт.
“Биз жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде бул перспективдүү багыттын өнүгүшүн активдүү жана системдүү коллдогон күчтүү оюнчулардын жетишсиз экендигин түшүндүк. Муну бүт дүйнөдө, мисалы, Казакстанда, Орусияда, Түштүк Кореяда официалдуу түрдө спорттун бир түрү катары кабылдай башташты. Ушул себептен биз оюнчулар өздөрүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган оюнчулар бирикмеси үчүн аянт түзүп берели деп жатабыз”, - деди Айтбаев.
Beeline’дын виртуалдык оюндар боюнча официалдуу турнири квартал сайын өткөрүлүп турат. Келе жаткан жылдын 4-январында старт ала турган мелдеште 2000ден ашык тайпа катыша алат. Турнирдин кульминациясы болгон гранд-финал 2019-жылдын 19-январында өтүп, анда эң мыктылар аныкталат. Иш-чара көңүл ачуучу программа, шаңдуу ачылыш, косплей-костюмдардын сынагы, аудитория менен болгон интерактив жана өнөктөштөрдүн демо-зоналары менен коштолот.
Компаниянын алдыдагы планында Beeline киберлигасын эл аралык мелдештерде көрсөтө турган бирикмени түзүп жана аны менен андан ары иштешүүгө мүмкүн болгон оюнчуларды тандап алуу турат.
“Биз спорттун башка бир да түрү чогулта албаган аудиторияны дал киберспортто чогултуп, динамикалуу өсүшкө алып келген келечектин спорту экенине ишенебиз. Бирок футбол, бокс, күрөш сыяктуу спорт түрлөрүндө дүйнөлүк масштабда жылдыз болуп, анын артынан акча таап жаткан сыяктуу эле киберспортто да профессионалдык карьерага болгон мүмкүнчүлүккө олуттуу кароо керек”, - дейт Бактыбек Айтбаев.
Чемпионаттын механикасына ылайык, ар бир командада 14 жаштан жогорку 5 катышуучу болушу керек. Төрт квалификациялык мөөнөттүн ичинде командалар жеңиш үчүн ат салышып, жыйынтыгында 500 000 сомго ээ болот. Турнирдин жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт.
Турнирге катталуу 2018-жылдын 1-декабрынан тартып cyber.beeline.kg сайтында башталган. Катышууну каалагандар үчүн негизги талап жана турнирге катышуу мүмкүнчүлүгүнүн ачкычы Beeline’дын “GG” атайын тарифинин колдонуучусу болуу. Бул тариф оюнчуларга оюнга катышуу үчүн промокод иретинде мүмкүнчүлүк жана кошумча интернет-пакет сыяктуу башка кызматтарды да кошуп бере алат. Муну менен катар оюнчулардын бирикмеси өз ыңгайына жараша промокоддорду, интернет-пакетти көбөйтүүнү сунуштоо, кийинки оюндар кандай дисциплинада өтө тургандыгын чечүү сыяктуу тарифти өзгөртүүгө таасирин тийгизе алат.