"Асел Кодуранованы ротация болсун деп чакыртып жатабыз". Мындай маалыматты КСДПнын фракция лидери Иса Өмүркулов парламент жыйынында билдирди.
Депутат Исхак Масалиев Асел Кодуранованы чакыртып алуу сунушу эмне себептен пайда болгонун сурады.
Өмүркулов Кодурановага жеке нааразычылыгы жок экенин айтты.
"Маселени ротация катарында киргизип жатабыз. Фракцияда ушинтип чечтик. Жеке менин нааразычылыгым жок. Регламентке да туура келет", - деди Өмүркулов.
Масалиев: "Мыйзам боюнча бул кызмат орду бошосо, ар бир фракция талапкер көрсөтүүгө укугу бар да туурабы?"
Өмүркулов: "Туура".
Депутат Ирина Карамушкина Өмүркуловго кайрадан каршы чыкты.
"Ротация болсо, Кожобек Рыспаев 2 чакыруудан бери комитет төрагасы болуп отурат го. Бул маселеде мыйзам бузулууда. Өзү жок эле чечип коюптурсуңар. Бул да тарыхка жазылып калат", - деди ал.