Мыктыбек Абдылдаев Асел Кодурановадан кызматтан арыз жазып эле кетип калууну суранды

Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат Асел Кодуранованы вице-спикерликтен чакыртып алуу маселеси каралууда. Депутат Мыктыбек Абдылдаев КСДПны ынтымакка келүүгө чакырды.

"КСДП мындай маселелерди ич ара эле чечишип алсаңыздар болмок. Бир ынтымакка келгиле да. Урматтуу Асел Союзбековна, сиз эми эрдик кылып, өзүңүз кызматтан кетүү боюнча арыз жазып бербейсизби? Биз аны жактыралы”, - деди Абдылдаев.

Башка депутаттар да Кодуранованы сый менен кызматтан кетирүүгө чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан