Бишкектин айрым кичи райондорунда авариядан улам жылуулук берүү токтотулду

Бишкектин 8-9-10-кичи райондорунда авариядан улам жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Бишкек жылуулук электр" коммуналдык ишканасынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, жылуулук берүү жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчтөрү жабыркагандыктан улам токтотулган.

"Аталган кичи райондорго электр энергиясын жеткирүүчү жогорку чыңалуудагы өткөргүчтөр аварияга учурап, электр энергиясын берүү убактылуу токтотулду. Буга байланыштуу жылуулук берүү да үзгүлтүккө учурады. Жылуулук жана жарык качан берилери белгисиз. Учурда адистер оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат", - деп билдиришти коммуналдык ишканадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shef87
2018-12-20 16:24:18
Бишкекте башталдыбы дагы
+5
bilbeim.dordoi
2018-12-20 16:34:25
Суук тушкондо эле башталдыго уже, али кыш алдыда
+4
Qwer007
2018-12-20 16:40:32
Эшектер борбор шаарда ушундай болуп жатса, башка шаарда кандай болду экен. Эмне алдына ала жумуш алып барышбайт ушулар. Кайран эл, айрыкча кичинекей балдарын барларга убал эле
+2
AksyKum
2018-12-20 16:59:04
Былтыр жебей калгандар чукуп чыкты эле жебей калдык деп ачышып. Быйыл эч ким эч нерсе жебей карашпайт деле ЖЭБди
+1
mederkg
2018-12-21 03:51:29
Бишкек шаарынын тургундары үйүңөрдөгү кычкач мык сууругучуңарды алып барып берип тургула быйыл 8жүз долларга чыгып кетбесин сезон эми башталды деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан