Мигрант ата-энелерге тартип күчөтүлөт. Алар чет элге чыгуудан мурун балдарын жоопкерчиликти алган адамга өткөрүп берүүгө милдеттендирилет

Өлкөдө 119 миң баланын атасы да энеси да мигрант болуп, балдарын туугандарына таштап кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда SUPER.KG порталына ЮНИСЕФтин Кыргыз өлкөсүндөгү коммуникациялар бөлүмүнүн адиси Мавлюда Жапарова билдирди.

Белгилүү болгондой, учурда Кыргыз Республикасынын Балдар кодексине өзгөртүү киргизүү каралууда. Ага ылайык, ата-энеси мигрант болуп жүргөн балдарды туугандары убактылуу милдеттүү камкордукка алуу механизми ишке кирет.

"Биздин негизги максат - ата-энеси тарабынан туугандарына калтырылган балдардын коопсуздугун сактоо, ал балдардын кызыкчылыгын коргоо. Эгер балдар тууган-уругуна калтырылса жакшы, ал эми айрымдар тааныштарына таштап кетип калган учурлар дагы катталып жатпайбы...

Акыркы окуяны эске салсам, таанышына калтырып кеткен 2 жаштагы наристе ур-токмоктон улам чарчап калды. Тилекке каршы, эмгек мигранттардын балдары жакындары тарабынан ур-токмокко алынып, мектепке барбай калган учурлар да жок эмес. Эгер мамлекет тарабынан Балдар кодексине ата-энеси мигрант болуп жүргөн балдарды аны алып калгандарга убактылуу милдеттүү камкордукка алуу колдоо тапса ортодо балдар кыйналбайт. Эң негизги максат - ата-энелердин балдарына болгон жоопкерчилигин күчөтүү. Алар сыртка чыгардан мурун балдарын камкордукка алган адамга тиешелүү документтерди толтуруу менен аны убактылуу калтырмай болот. Ал убакыт аралыгы 3 айдан 6 айга чейин болот. Бул эки тарапка тең жоопкерчилик жүктөйт жана балага жоопкерчилик алган адам мыйзам алдында да жооптуу болот", - дейт Жапарова.

ЮНИСЕФтин адиси баса белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Балдар кодексине өзгөртүү киргизүү тиешелүү мекемелер тарабынан колдоо тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
engel
2018-12-20 19:25:51
Мурда эле ошентиш керек болчу
+4
JaneEr
2018-12-20 19:26:58
Жумуш орундарын камсыз кылбайбы.Тажадым Россияда журуп.Жок дегенде 10000 сом айлык иш тапсам кана эле Ошто.
+16
Shokoladka94
2018-12-20 20:28:08
Бул деле жардам бербейт, баласы чонойгончо энеси жанында болуш керек го, акча дей беребиз ошол дунуйого тойгон, тубуно жеткен адам барбы? Балдар биздин байлыгыбыз, келечегибиз, умутубуз!
+9
nurda00
2018-12-20 20:58:00
Тиги бу дегендин ордуна, иш орундарын ачышса болмок. Жыргаганынан мигрант болуп эч ким кеткен жок...
+9
Gulnyr19
2018-12-20 21:09:35
Кимдир бирөөлөр бериле турган справкаларды кайра эле акчага сатып жемей башталат коррупция бул дагы мына көрөсүңөр
+11
taalay25
2018-12-21 10:58:29
Gulnyr19,ооба бюрократизм
+2
Missing-u
2018-12-20 22:25:54
Балдарды таштап жанагыле уй жай салам,2 этаж салам крутой машина минем,той аш откором деп журушотта копчулугу. Буларды коюп той ашты токтотсонор эле байып кетебиз,мигрант болуп не кыйынчылыкты коруп иштеп келип бир айга жетип жетпей чачып кайра кетишет,кайран балдар ата эненин мээримин корбой чоноюп жаткан. Эл мынтип атат деген тушунукту жоготуп ар ким озунун жашоосу менен болсо кана,тиги чон там салды менда салам деп тытынбай,же озунор кыйналдынарбы балдарды дагы кыйнабай шартын болсо анан торо
+8
dair_17
2018-12-21 09:06:30
Missing-u, Туура курук намысты токтотуш керек
+2
adiaza
2018-12-20 22:34:30
Мигрант Ата энелерге тартипти кучоотордон мурун озубуздун мамлекетибизден жумуш камсыз кылуунун маселесин биринчи орунда ойлонсонор боло
+3
taalay25
2018-12-21 10:17:01
Муну менен кошо башка мигранттардын башына личный проблема болот бул мыйзам. Жон эле бюрократияны кучотот иш жузуно ашабы жокбу билбейм
+2
Jelezo
2018-12-21 12:24:58
Чындыгында балдар ата энесинен болок осуп жатышат, бул абдан аяныштуу. Коп жаштар балдарын алып келип алып кошо тарбиялап деле жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан