Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган каты 18-декабрда интернетке жарыяланган.
Андагы маалыматка ылайык, бул боюнча буйрук 6-декабрда чыгарылганы жана мындай иш-аракеттер "Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү" боюнча мыйзамды сактоого багытталганы көрсөтүлгөн.
19-декабрда, Финансылык чалгындоо кызматынын басма-сөз катчысы Махабат Токторбаева SUPER.KG`ге маалыматты тастыктап, аталган кат тууралуу түшүндүрмө берген.
"Бул боюнча бардык коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргөн. Ал эми интернетке тараган маалымат чындык. Биздин кызматтын аты айтып тургандай эле документибиз жашыруун болушу керек болчу. Бирок ким чыгарганы азырынча белгисиз. Бул үчүн атайын териштирүү иштери жүргүзүлүп, ачыкка чыгаргандарга чара көрүлөт", - деп билдирген Токторбаева.
Аталган маалымат тууралуу бүгүн, 20-декабрда Экономика министрлиги комментарий берди. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, банктык сырды бузуп, банктарда мүлк сактаган кардарлар тууралуу маалымат берүү өлкө экономикасына коррупцияга барабар зыян алып келет.
"Экономика министрлиги Финансылык чалгындоо кызматына банктык ячейкалар жана эсептер тууралуу маалымат берүүгө макул эместигин билдирет. Мындай аракеттер банктык системге болгон ишенимге кедергисин тийгизип, анын туруктуулугуна таасир этиши мүмкүн.
Банктык маалыматтарды ачыкка чыгаруу мыйзамдын негизинде жана өзгөчө учурларда гана соттун чечими менен болушу керек.
Ушул билдирүү аркылуу экономика министри Олег Панкратов мамлекеттик кызматта иштеп жүргөн мезгилдеги банктык эсептери жана ячейкалары тууралуу маалыматтарды жашыруудан баш тартат. Бирок бул башка мамлекеттик кызматкерлерди банктык маалыматтарын ачыкка чыгарууга болгон чакырык болуп эсептелбейт.
Тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизилмейинче ар бир жаран өзүнүн банктык эсептери жана транзакциялары маалыматтарды ачыкка чыгарууну же чыгарбоону өзү чечиши керек. Банктык сырлардын нормаларын бузуу экономикага коррупцияга барабар болгон зыян алып келүүсү мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.