Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз мамлекети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Digital CASA" - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча мыйзам долбоору каралды.
Дүйнөлүк банк "Digital CASA" долбоорун каржылоо үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.
"Каражаттын 50 пайызы насыя, ал эми 50 пайызы грант болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. "Digital CASA" долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштайт, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алынат. Кызыкдар операторлор бар, алар менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Долбоордун алкагында санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат. Ошондой эле бул долбоор аркылуу элет жергесинин алыскы аймактары толугу менен сапаттуу жана ыкчам интернет менен камсыз болот", - деди Шаршембиев.
Аталган мыйзам долбоору бардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.