Бүгүн, 20-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн Жогорку Кеңеште КСДПнын фракция жана партия ортосундагы кезектеги күрөшүн, жаңжалын жалпы депутаттык палата жана коомчулук күзөтүп отурушту. Чырдын себеби – өткөн аптанын жума күнү КСДП фракциясы Асел Кодуранованы вице-спикерликтен чакырып алуу чечимин кабыл алгандыгы. Кодуранованын өзүнө келсек, фракцияны чечим кабыл алууда мыйзамды сактабады деп, чечимди кабыл албай, вице-спикерликтен түшүү үчүн арыз жазып бербей койгон. Талаш-тартыш да ушунун тегерегинде кызуу жүрүп отурду.
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Кодуранованы ээлеген кызматынан кайра чакыртып алууну күн тартибине киргизүү, ошого удаа эле ал маселе боюнча добуш берүүнү жабык электрондук түрдө өткөрүү сунушун берди. Спикер менен алдын ала сүйлөшүп алгандай бул процесс бат эле ишке ашты. Атүгүл шашылыш болуп кеткенине депутаттар “өрттөн кийин” каршы чыгышты. Алар маселе алгач күн тартибине киргизилип, анан талкууга алынып, тараптарга суроо берилип, ошого жараша эл өкүлдөрүндө пикир жаралгандан кийин гана кантип добуш берүү тартибин аныкташ үчүн добушка салуу керек эле.
Албетте, негизги каршылык мунун тегерегинде болгон жок. Депутаттар Мурадыл Мадеминов жана Ирина Карамушкина фракциялык жыйында Кодуранованы вице-спикерликтен чакыртып алуу чечими регламентти бузуу менен кабыл алынганын, демек, чечимдин мыйзамдуулугун карап чыгуу керектигин, дегеле ошол жыйын Кодурановасыз өткөнүн, кызматтан түшүрүүгө эмне себеп болгону айтылбагандыгын билдиришти. Өмүркулов себепти ротацияга байланыштуу деди. Кодуранова жыйынга катышпай калуусу жөнүндө “фракциялык жыйында менин маселем карала турганын билсем, катышмакмын, бирок мага айтылган эмес. Ошол учурда мен бир нече депутат менен бирге бир иш-чарада элем” деп түшүндүрдү. Буга спикер Дастанбек Жумабеков фракциянын ичиндеги иштерге менин тиешем жок деп кутулду.
Эл өкүлү Жанар Акаев бийлик алмашканына карабай, депутаттар парламенттик системди түптөө, бекемдөө үчүн эмес, бир адамдын кызыкчылыгы үчүн иштөөнү улантып жатканына кейиди. “Биз парламенттин буту-колун кайрып, бийликке салып берип жатабыз. Бүгүн Кодуранова мыйзамсыз жол менен алынса, эртең Жумабеков мыйзамсыз жол менен алынат, анан Өмүркулов...” деди Акаев. Депутат Рыскелди Момбеков да ушундай эле ойду айтып “парламентти башкаруу доорунда жашап жатабыз” деп айтты. Адаттагыдай эле эл өкүлдөрү бүгүнкү Кодуранованын маселесинде уят иш кылып жатышканын моюндап, бирин-бири сындап, уялганын иш жүзүндө, чечим жүзүндө көрсөтө алышкан жок.
Талкуунун аягында сөз алган Асел Кодуранова вице-спикерликтен чакыртып алуу боюнча фракциянын чечими мыйзам бузуулар менен кабыл алынганын айтты. Жыйынтыгында анын кызматтан алынышына 92 депутат макул болуп, 19у каршы деген добуш берди.
Эми Кодуранованын ордуна вице-спикер болуп келет деп стартта турган, ушул эле фракциядан депутат Аида Касымалиевага келсек. Шайлоо укугу жалпы палатанын колунда, бүгүнкү жыйын көрсөткөндөй, Кодуранованын кызматтан алынышы кандай ишке ашса, анда кийинки аптада Касымалиеванын шайланышы деле маселе жаратпайт деп күтүүгө болот.
Аида Касымалиеванын аты-жөнү акыркы учурда кандай чуулуу иштерде аталды? Ушул жылдын сентябрь айында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп турган Зууракан Каденова Түштүк Кореяда учакта мас абалда чуу чыгарып, айла кеткенде полиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен учактан түшүрүлгөнү, анын айынан каттам кечиктирилгени маалым. Жогорку кызматтагы чиновниктин бул окуясы коомчулукта резонанс жаратып, анын тегерегинде түрдүү маалыматтар ачыкка чыга баштаган. Биринчи болуп расмий түрдө Каденованын жоругун ошол кездеги Түштүк Кореядагы Кыргыз элчиси Кылычбек Султан тастыктаган. Ошондой эле Кылычбек Султан президенттик аппараттан "Түштүк Кореяда учакта чуу салган эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова тууралуу маалымат таратпагыла" деген тапшырма түшкөнүн да билдирген.
Зууракан Каденова талкуу чордонуна түшкөн соң анын өмүр таржымалында кызыктуу жагдайлар коомчулукка ачыктала баштаган. Ал 2008-2009-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты болгон. Ал депутат Асылбек Жээнбеков болгондугу айтылган. Каденова өзү бул маалыматты жалган деп четке кага албаган. Мамлекеттик жашыруун сыр деген макам коюлганбы, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы да Каденова кайсы депутаттын консультанты болгондугу тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан. 2010-жылдан кийин Каденова карьерасында чоң секириктерди жасай баштаган, билим берүү жана илим министринин орун басары, кийин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалган. Ал эми президент Сооронбай Жээнбековго тууганчылыгы тууралуу кептерге Каденова 24-сентябрда “7-каналга” берген маегинде тууган эместигин айтып, бирок “ал киши менин кандай кыз экенимди билет” деп улаган. Бул чууну эң башында ырастаган жана ачыктаган Кылычбек Султан кийин ушул жана башка Тышкы иштер министрлигиндеги кемчиликтерди айтып чыкканы үчүн кызматынан бошотулган. Кылычбек Султан ошентип карьерасын курмандыкка чалуу менен Жээнбековдор тээ илгертеден көтөрмөлөп келип, министрдин орун басарлыгына чейин өстүргөн кадрдын өлкөнүн аброюна шек келтире турган жоругун ачыктап койду.
Коомдук талкуу кантип башка адамга бурулду? Аида Касымалиева депутат болгонго чейин журналист болуп иштегени белгилүү. Коомчулуктун көңүлүн башка ишке, башка адамга бурдуруп кетүү – медиа чөйрөсүнө тааныш технологиялык кадам. Каденованын чуусу талкууга алынып жаткан учурда Касымалиева социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова жана дагы башка орун басары Лунара Мамытовага иш сапарларына байланыштуу маалыматтарды айтып, чабуулга өттү. Зууракан Каденова жаңы гана кызматтан бошотулган министрликтин документтери кандайча колуна келгенин депутат айым ачыктаган жок. Касымалиева баштаган чабуул Исакунова менен Мамытованын кызматтан кетүүсү менен бүттү.
Касымалиеванын депутаттык “иликтөөсү” башка министрликтерди текшерүүгө уланбай, ошол бойдон күм-жам болгону таң каларлык. Иш сапарларга байланыштуу чуулгандуу иштер бир эле ушул Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде болуп, калган эч бир министрликте, мамлекеттик башка мекемеде мындай былыктар жокпу? Эгерде Касымалиеванын өкмөттүн бардык түзүмдөрүндө, президенттик аппаратта болуп жаткан былык иштерди ачыкка чыгарам, күрөшөм деген ниети болсо, анда эмдигиче эмнеге жогорудагыдай эле маалыматтарды башкаларга байланыштуу көтөрүп чыкпайт? Касымалиева министрлик креслонун баасына тете маалыматтар кимден түшкөнүн, эмне үчүн ал документтер 120 депутаттын ичинен өзүнө келип түшкөнүн айткан эмес. Аида Касымалиеванын өткөн жылда президенттик шайлоонун жүрүшүндө Жээнбековдор менен жакын экендиги алар менен түшкөн сүрөттөрүн социалдык баракчаларынан улам байкалган. Президенттик шайлоого үгүт кампаниясы жүрүп жаткан маалда туулган жерин жана башка аймактарды активдүү кыдырганы маалым.
Каденованын чуусун унуткарып, талкууну башка чиновникке буруп кетүү кимге керек болду? Бул ишти аткарууну Каденованын өчү же аны колдогон команданын өчү десе болобу? Эгерде андай болсо, Касымалиева Каденованын өчүн алып берип, анын “колдоочуларынын” тапшырмасын, балким, өтүнүчүн ийгиликтүү ишке ашырганы үчүн вице-спикерлик менен сыйланганы жатабы?..
КСДП партиясы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун 18-декабрда соттук отурумда жасаган билдирүүсүн жарыялады. Анда Исаков президенттик аппарат сотторду көзөмөлдөп жатканын жана өзүнүн иши президент Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө экенин айтат. "Президент мени 30 жылдан бери тааныйт, ал менин атамды да жакшы билчү. Менин дарегиме айтылып жаткан коррупцияга байланыштуу айыптоолор негизсиз", - деди сотто Исаков. Президенттик аппарат бул маалымат боюнча али үн ката элек, мурдагы премьердин сөзүн төгүндөө аракети да байкалган жок.
Исаков камакка түшкөндө гана УКМКда жана соттордо кандай адилетсиздиктер орун аларын, бул тармактарда эмне деген былыктар болуп жатканын жон тери менен сезгенин айтып, мурда бийликте жүргөндө мындай нерселерди көрбөгөнүнө өкүнүч билдирди. "УКМКнын камагында отуруп көйгөй көп экенин билдим. Мен азыр саясий куугунтук көрүп жаткандардын көрүнүктүү өкүлүмүн", - деп Исаков өзүн Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиев өңдүү саясий туткундардын катарына кошту.
Кечээ жогоруда саналып өткөн экс-депутаттар жана экс-чиновниктер бийликте отурган, бүгүн алар камакта, бири тергөө абагында болсо, бири айыбы далилденбей эле соттолуп, абакта отурушкан кези. Балким, бул чиновниктердин абактын даамын татканы Кыргыз мамлекетинин эртеңки тагдыры үчүн пайда алып келер? Бүгүн тергөө, көзөмөл органдарынын, соттук системдин канчалык жарандар үчүн кооптуу экенин көрүшкөнү эртең алар боштондукка чыкканда ошол кемчиликтерди оңдоого, жоюуга жардамы тиер?
Азыркы менен мурунку президенттердин күрөшүндө нейтралдуу позицияны карманып келе жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков: "Тилекке каршы, Сапар Исаков кеч түшүндү... Учурдагы бийлик өз учурунда түшүнүшү керек...", - деп коңгуроо какты. Кечээги маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөздөрүнө караганда, бийлик мындай эскертүүлөрдү азырынча түшүнө турган абалда эмес...