Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун киреше бөлүгү 846 миллион сомго, чыгашасы 371 миллион сомго жогорулайт

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

2018-жылга карата Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше-чыгашалары 14 миллиард 230 миллион сом көлөмүндө бекитилген. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Марат Калиев билдирди.

"Азыр бул көрсөткүчкө өкмөттүн жана Жогорку Кеӊештин жыл ичиндеги чечимдеринин негизинде өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты. Ошентип фонддун 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн мурда бекитилген көрсөткүчү 846 миллион сомго жогорулайт. Ал эми анын чыгаша бөлүгүнүн мурда бекитилген көрсөткүчү 371 миллион сомго жогорулайт", - деди төрага.

Эл өкүлдөрү мурдагы талкууларда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ашыкча мекеме экенин сынга алышкан.

"Фонд Финансы министрлигинен алган ири каражатты саламаттыкты сактоо мекемелерине бөлүштүргөндөн башка иши жок. Мындай ашыкча түзүмдөрдү жоюп салуу керек", - деген пикирлерин билдиришкен.

Өкмөттүн өтүнүчү жана тармактык комитеттин макулдугу менен экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан