Депутат Марлен Маматалиев: “Текебаевдин ишин кайра кароодо саясий көз караш бар”

Өмүрбек Текабевдин камакка алынганына эки айдан соң эки жыл болот. Саясатчы кармалгандан бери анын саясий куугунттукка кабылганы айтылып, маселе парламентке чейин жеткен. Бул арада бийлик алмашты. Бирок Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу боюнча бийлик үн ката элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрдагы маалымат жыйынында "Текебаев боюнча сот чечими чыккан. Ал ырайым сурап жазса, берейин" деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Текебаевге өзүнүн актыгын далилдөөгө атайылап мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Бийлик "Ата Мекендин" лидеринен ырайым суроону күтүп жатабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жооп берди.

Ал Өмүрбек Текебаевдин саясатта орду чоң экенин белгилеп, "ал президенттен ырайым сурабайт" деген пикирди айтты.

“Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча мыйзамдын негизинде бардык соттордун чечими чыкты деп айтылды. Мындан ары сот маселеси бүттү. Президент деле "бардык соттордун чечими чыкты, ырайым сураса, берейин" деди. Анткени президенттин ырайым бергенге укугу бар. Ишти кайра кароого кандайдыр бир негиздер болсо,анда каралат. Бирок Текебаевдин ишин кайра кароого укуктук негиз болбой жатат. Жаңы жагдайлар деп туруп, сотто кайра карала турган маселеге жол ачып бериши мүмкүн. Ал үчүн чыныгы далил керек. Менин оюмча, ал жакта дагы далил жетишпей жаткандай. Бирок бул жерде саясий көз караш дагы бар деп айта алам. Аны жолго салып алса, эки жол менен кете берсе болот. Текебаев президенттен ырайым сурабайт. "Эгерде ырайым сурасам, кылмышкер катары эсептелип калам" деп сурабай жатканын да уктум”, - деди Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Улан Примов, Чыныбай Турсунбеков, экс-депутат Асия Сасыкбаева жана жарандык активист Айбек Мырзанын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан