Өмүрбек Текабевдин камакка алынганына эки айдан соң эки жыл болот. Саясатчы кармалгандан бери анын саясий куугунттукка кабылганы айтылып, маселе парламентке чейин жеткен. Бул арада бийлик алмашты. Бирок Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу боюнча бийлик үн ката элек.
Президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрдагы маалымат жыйынында "Текебаев боюнча сот чечими чыккан. Ал ырайым сурап жазса, берейин" деди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Текебаевге өзүнүн актыгын далилдөөгө атайылап мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Бийлик "Ата Мекендин" лидеринен ырайым суроону күтүп жатабы?" деген соболуна экс-депутат Асия Сасыкбаева жооп берди.
Ал Текебаев башынан эле эч кандай ырайым сурабай турганын айтканын эскертти.
“Өмүрбек Текебаев “ырайым, мунапыс сурабайм, менин күнөөм жок, акталышым керек” деп айткан. Анын партиялаштары дагы ошондой пикирде. Жаңы жагдайлар көп болуп жатат. Аны президент деле жакшы түшүнөт, билет. Менин оюмча, бул жерде кандайдыр бир оюн болуп жаткандай. Президент “мен эч нерсе кыла албайм” дейт. Андан бир нерсе кылыңыз деп суранган киши жок. Биз ошол ишти кайра карап бергиле, адилеттүүлүктү орноткула деп жатабыз, андан башка сөз жок. Текебаевдин иши кайра каралышы керек деп кайталап, бири-бирибизди түшүнбөй эле дүлөй, дудук болуп жатабыз. Өмүрбек Текебаев эч качан мыйзам буза турган адам эмес. Ал мыйзамдуулукка ушунча жылдан бери туруштук берди. Мыйзамдуулукту ар бир чиновниктен талап кылып, мыйзам бузгандарга кылмыш ишин козгогула деп айтып келген. Текебаев парламентте дагы мыйзам бузган адамдарды камаш керек деп айтчу. Биз эч качан ырайым сурабайбыз. Өмүрбек Текебаев мыйзам бузуулар болсо түрмөдөн чыкпай коюушу да мүмкүн. Балким, президент Текебаевге өзүнүн ак экендигин далилдөөгө мүмкүнчүлүк берейин деп жаткандыр, бирок жанындагылар өздөрүнүн ыңгайлуулугун карашууда. Анткени анын жанында коррупционерлер бар, алар “Текебаев чыкса биздин ишибизди дагы козгошу мүмкүн” деп коркуп жатышат. Президент элдин үнүн угушу керек. Ар бир келген президент элдин үнүн уккусу келбей, андан кийин өздөрү кайсы бир кризиске учурап калышат. Буга чейин президенттердин мөөнөттөрү жаман бүтүп жүргөнүн эске алышы керек”, - дейт Сасыкбаева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Чыныбай Турсунбеков жана жарандык активист Айбек Мырзанын жообу бул шилтемеде.