Кечээ, 20-декабрда Жогорку Кеңеште Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети тууралуу мыйзам долбоорлору жактырылды.
Маалыматка ылайык, фонддун 2018-жылга карата бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 14 миллиард 230 миллион сом көлөмүндө бекитилген.
"Фонддун 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн мурда бекитилген көрсөткүчү 846 миллион сомго жогорулайт. Ал эми анын чыгаша бөлүгүнүн мурда бекитилген көрсөткүчү 371 миллион сомго жогорулайт. 2019-жылы 2018-жылга бекитилген кирешелердин көлөмүнө салыштырганда 93 миң 872 сомго же 0,7 пайызга көп", - деди фонддун башчысы Марат Калиев.