Кечээ, 20-декабрда вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун төрагалыгы алдында инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча чаралардын долбоору сунушталган жумуш жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Замирбек Аскаров белгилегендей, өкмөт республиканын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө. Буга байланыштуу өлкөбүздүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруу боюнча чараларды кабыл алуу өтө маанилүү болуп саналат.
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Адылбек Шумкарбек уулу инвестициялык жагымдуулукту өстүрүү чаралары тууралуу баяндама жасады.
Талкуулардын жыйынтыгында вице-премьер-министр инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча жалпылоо жана тиешелүү чаралардын топтомун киргизүү үчүн сунуштарды Экономика министрлигине жөнөтүүнү тапшырды.