Биринчи вице-премьер электрондук башкаруу мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу жана ачык-айкын жолу экенин айтты

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн уюштурулган "Түндүк" электрондук мекемелер аралык өз ара аракеттешүү системи аркылуу электрондук башкаруу" темасындагы семинарга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кубатбек Боронов семинарга өз орун басарларын жөнөтүп, келбей койгон министрлик жана мекемелердин айрым жетекчилерин сынга алды. Ал мамлекеттик органдын ар бир жетекчиси коюлган милдеттенмелердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартарын эскертти.

"Бул отурумдун максаты - мамлекеттик органдардын жетекчилерине электрондук башкаруунун, электрондук кол тамганын жана "Түндүк" электрондук мекемелер аралык өз ара аракеттешүү системинин негизги маңызын түшүндүрүү үчүн өткөрүлүп жатат. Электрондук башкаруу – бул мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу жана ачык-айкын жолу. Аны ишке киргизүү менен биз бийликтин жаратылышын өзгөртө алабыз, аны коомчулуктун көзөмөлгө алуусун жана ачыктыгын камсыздай алабыз. Мунун өзү мамлекеттик процесстерди оптималдаштырууга, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга жана адамдык жөндөмдүүлүктү жогорулатууга көмөк көрсөтөт. Ошону менен катар жалпы улуттук маалыматтык мейкиндикти чыңдоо үчүн маалыматтык ресурстарды, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызматтарын бириктирүүгө алып келет", - деди биринчи вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан