Бразилиянын президенти коррупцияга айыпталууда

Бразилиянын президенти Мишел Темер коррупция жана акчанын изин жашыруу беренелери боюнча айыпталууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн башкы прокурору Ракел Дожго шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, президент порт тармагында иштеген компанияны колдоп, документке кол койгон.

"Ал порт тармагында иштеген Rodrimar SA аттуу транспорттук компаниянын пайдасы үчүн кол койгон. Жыл башында эле федералдык полиция Темер 1,5 миллион долларлык пара алгандыгы тууралуу маалымдаган. Иликтөө иши да 2018-жылдын январынан тарта башталган. Темер Odebrecht аттуу курулуш компаниясынан пара алган деп да шектелүүдө", - деп жазышат басылмалар.

Президенттик аппарат бул айыптоо боюнча "Темер күнөөсүз экенин далилдейт" деп билдирүү таратты.

Ал аталган кызматта 2016-жылдан бери иштеп келген. Темердин президенттик мөөнөтү 31-декабрда аяктайт. Мындан улам прокуратура анын ишин парламенттин уруксаты жок эле сотко алып чыга алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2018-12-21 12:31:25
Мурунку президенти да корупция бонча айыпталып кызматтан кеткен, бизде болсо ашууда ат алмашбайт,сизден башка жарай турган адам жок деп эки баштуу ажыдарга айлантып жиберишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан