Дональд Трамп Пентагондун кожоюнун, башкача айтканда, АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттисти кызматтан алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Трамп жакынкы күндөрү аталган кызматка келчү кадрдын атын атайт.
"Мэттис 2019-жылдын февраль айынын аягына чейин иштейт. Кийин отставкага кетет. Ал аталган кызматта согуштук куралдарды жетиштирүүдө жакшы иштеди. Мэттис мага аябай чоң жардам берди", - деген Трамп.
Маалыматка караганда, АКШ президенти Мэттис менен өткөн бейшембиде жолугушкан. Анда алардын арасында пикир келишпестик жаралган. Айрым басылмалар Мэттис АКШ аскерлеринин Сириядан чыгарылышына каршы болгонун жазышууда.