Сауд Арабия Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылдагы ажылык сапар үчүн 5 миң 485 квота берди

Муфтий Максатбек Токтомушев Сауд Араб падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен Мекке шаарында жолугушуп, 2019-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшту. Бул тууралуу Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Келишимге ылайык, Сауд Арабия Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылдагы ажылык сапар үчүн 5 миң 485 квота берди.

Ошондой эле жолугушууда эки тарап 2018-жылдагы ажылыкты талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. "Абдель Фаттах бин Сулейман Кыргыз өлкөсүнүн 2018-жылы ажылыкты мыкты уюштургандыгын айтып, өзүнүн "эң жакшы" деген баасын берди. Муну менен катар тараптар 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча жаңы өзгөчөлүктөргө, Сауд Арабиянын Ажылык министрлигинин электрондук системи боюнча сүйлөшүштү", - деп билдиришти муфтияттан.

Сауд Арабия Кыргыз өлкөсүнө ажылык сапар үчүн 2017-жылы 4 миң 885, 2018-жылы 5 миң 400 квота берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан