Бүгүн, 21-декабрда Бишкекте Жогорку Кеңештин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
Бул иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилери, парламент депутаттары, мурдагы чакырылыштардагы эл өкүлдөрү да катышууда.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз өлкөсү парламенттик демократия жолун тандаганын билдирди.
"Оппозициянын жана жарандык коомдун үнү парламент аркылуу жаңырып турат. Бизде жаап-жашырыла турган маселе жок. Ошону менен катар Жогорку Кеңештин дарегине коомчулук тарабынан айтылган курч сын-пикирлер болду. Сын-пикирлерге дайыма ачык болушубуз керек. Өнүгүп келе жаткан демократия үчүн - бул табигый көрүнүш", - деди төрага.