АКШнын экс-президенти Барак Обама Санта Клаустун кийимин кийип, Вашингтондогу улуттук балдар госпиталына барды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Сүрөттөрдөн Обаманын оорулуу балдарга белек таркатып, алар менен бирге сүрөткө түшүп жатканын байкоого болот.
"Обама балдар жана алардын ата-энелери менен маектешти. Майрам менен куттуктады. Жарым сааттай ошол жерде болуп, ооруканадагы мониторлор аркылуу жалпы кызматкерлерге, оорулууларга видеокайрылуу жасады", - деп жазышат басылмалар.
Барак Обама 2009-2017-жылдары АКШнын 44-президенти катары иштеген.