Орто Азиядагы жана дүйнөдөгү өзгөчө балатылардын парады

Казакстан, Астана (25 метр)

Казак өлкөсүндө башкы балатынын чырактарын 18-декабрда жандырышкан. Жаңы жылдын көркү болгон балатыны кооздоо үчүн 200 кар бүртүкчөсү, 1200 түстүү шар жана 400 метр гирлянда колдонулган.

Литва, Рокишкис

Өзгөчө жасалган балатылардын арасына Рокишкисте жайгашкан балатыны кошууга толук негиз бар. Анткени балаты тактайлардан жасалган. Анда эч кандай оюнчук, гирлянда колдонулган эмес. Жасалга катары күзгү жана дарактан жасалган буюмдар колдонулган. Ал эми жылдыздын ордуна канаттуу орнотулган.

Тажикстан, Дүйшөмбү (28 метр)

Коңшу Тажикстанда орнотулган балаты өлкө тарыхындагы эң бийик экендиги менен шаар тургундарынын эсинде калды. Жаңы жылдын символун кооздоого жалпысынан 14 миң оюнчук керектелген. Анда светодиоддук 4 түстүү лампочкалар орнотулган.

Япония, Токио

Эмгекчил япон эли Жаңы жылга ноябрдан тарта эле даярдык көрө башташат. Токионун борбордук аянты, көчө жасалгасы шаар тургундарын ноябрдын башынан декабрдын аягына чейин кубантмакчы. Эгерде майрамдык чырактар октябрда жанса ал мартка чейин турат.

Өзбекстан, Ташкент (35 метр)

Өзбекстандын башкы балатысы Ташкенттин Мустакиллик кең көчөсүндөгү Чыгармачыл жаштар ордосунда орнотулду. Ал 35 метр бийиктиги менен Өзбекстандын тарыхындагы эң бийик балаты болду.

Түркмөнстан, Ашхабад (38 метр)

Түркмөнстандын жашыл көйнөкчөн балатысы Ашхабаддагы "Älem" маданий-көңүл ачуучу борборунда жайгашкан. Уюштуруучулар борбордук аянтты жасоодо түркмөн элдик жомокторун жана илгертен келе жаткан баалуулуктарды колдонуп, шаарды "кооз чыгыш өлкөсүнө" айландырышты.

Германия, Дортмунд (45 метр)

Дүйнөдөгү эң чоң жаңы жылдык балаты Германияда орнотулган. Ал жергиликтүү токой чарбасында атайын өстүрүлгөн 1700 кичи балатылардан куралган. Аны кооздоого 48 миң майрамдык чырак керектелип, жалпы салмагы 40 тоннаны түзгөн.

Кыргыз өлкөсү, Бишкек (25 метр)

Бишкектеги башкы балаты 10-декабрда жандырылгандан тарта борбордук "Ала-Тоо" аянтына өзгөчө кооздук берип жаткан кези. Шаар тургундары эс алып, сүрөткө түшүү үчүн күн сайын Жаңы жылдын символунун айланасына келишүүдө. Балаты 2 миң 400 бутактан туруп, бийиктиги 25 метр болсо, диаметри 12 метр. Кооздоо үчүн жалпысынан 940 оюнчук, узундугу 440 метр гирлянда керектелген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nukura_jigit
2018-12-21 16:49:37
Ошту да кошуп койбопсуздар да
+2
Defend.
2018-12-21 16:53:35
nukura_jigit, Оштуку көчмөндөрдүн балатысындай болуп калыптыр го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан