Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы: "Биз банк кардарларынын баарынын маалыматын берүүнү талап кылуудабыз"

Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев бүгүн, 21-декабрда маалымат жыйын өткөрүп, коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган документ тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, ал катта банк кардарларынын баарынын маалыматын берүү талабы коюлган.

"Каттын маңызын айрым адамдар түшүнбөй, туура эмес маалымат берип жатышат. Катта бардык банк кардарларынын банк эсептери жана банк уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган. Бирок банк кардарларынын аты-жөнүн жана сыр сөзүн гана берет. Анын канча акча сактаганын же уячага эмне сактаганы боюнча маалымат албайбыз. Демек, купуялуулук сакталышына кепилдик берилет", - деди Анарбаев.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган каты 18-декабрда интернетке жарыяланган.

Андагы маалыматка ылайык, бул боюнча буйрук 6-декабрда чыгарылганы жана мындай иш-аракеттер "Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү" боюнча мыйзамды сактоого багытталганы көрсөтүлгөн. Бирок бул талапка Кыргыз жериндеги банктардын бирикмеси, Экономика министрлиги жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары каршы пикирин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Snejana
2018-12-21 14:35:23
Банк купуялуулукту сактабай, талап кылган кишиге эле бере берсе эмнеси банк. Анда акча салгандын озу коопту го.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан