Банкка мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган каттын жайылышын УКМК иликтейт. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев бүгүн, 21-декабрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кат интернетке жайылтылбашы керек болчу.
"Коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган документтин купуялуулугуна карабастан интернетке чыгып кетти. Албетте, туура эмес болду. Анын үстүнө айрым мамлекеттик структурада иштеген адамдар элге туура эмес маалымат берип жатат. Бул бизди тынчсыздандырууда.
Ошондуктан биздин кызмат каттын интернетке чыгып кетишин иликтеп чыгуу үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине кайрылды. Комитет иликтеп чыгып юридикалык баа берет деген ойдомун", - деди Анарбаев.
Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган каты 18-декабрда интернетке жарыяланган.
Андагы маалыматка ылайык, бул боюнча буйрук 6-декабрда чыгарылганы жана мындай иш-аракеттер "Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү" боюнча мыйзамды сактоого багытталганы көрсөтүлгөн.
Бирок бул талапка Кыргыз жериндеги банктардын бирикмеси, Экономика министрлиги жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары каршы пикирин билдиршкен.