Назгүл Ташпаева Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Назгүл Ташпаева 1973-жылы 11-августта Фрунзе шаарында туулган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. 2006-жылы президенттик администрацияда аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгында эксперт катары иштеген. Андан соң өкмөттүн аппаратында, социалдык өнүктүрүү министри, Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директору кызматтарында иштеген. 2010-жылдан кийин ПРООН, ЮНИСЕФ өңдүү эл аралык уюмдарга иштеген. 2015-жылы 2018-2040-жылдарга Кыргыз мамлекетин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун мүчөсү болгон.