Кытайда өгөй эне жолдошуна билгизбей баласына аёосуз мамиле жасап, зомбулук көрсөтүп жүргөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, өгөй эне Кытайдын түндүк тарабындагы Хэбэй провинциясынын тургуну. Аял абдан сүйкүмдүү болгондуктан көргөн адам аны 7 жаштагы балага агартуучу каражаттарды ичирип, терисине кайнак суу төгөт деп айта албайт.
Ал эми баланын денесиндеги күйүктөрдү мектеп мугалимдери байкап, бул тууралуу атасына кабарлашкандан кийин ал полиция кызматкерлерине маалымдаган.
Кытайдагы жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын жазгандарына таянсак, балага зомбулук атасынын жана анын жаңы жубайынын үйүнө көчүп келгенден тарта башталган. Бул көрүнүш 6 айга созулгандыгы маалым болду. Баланын айтымында, өгөй энеси кечинде дааратканага барууну суранбасын деп аны таңып салчу. Ага чейин бала чоң ата жана чоң энесинин колунда болгон. Учурда дарыгерлер жабыр тарткан баланын денесиндеги бешинчи жана экинчи даражадагы күйүктөрдү дарылап жатышат.
Зөөкүр өгөй эне балага зомбулук көрсөткөндүгү такталгандан кийин полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда аялдын эмнеден улам мындай кадамга баргандыгы териштирилүүдө.