Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров: “Азыркы парламенттин деңгээли өтө төмөн. Бир ишке эрки жетпейт”

Бүгүн Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленүүдө. Парламент калктын бардык катмарларынын мүдөөлөрүн билдирүүгө, ар кыл пикирлерди макулдашуунун жалпы улуттук аянтчасы, коомдук үн катары кызмат кылууга чакырылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Учурдагы Жогорку Кеңешке кандай баа бересиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров жооп берди.

Ал парламент коомдун күзгүсү экенин айтты.

“Парламент ар бир доордун талабына жараша куралып келе жатат. Ар бир чакырылышта ар кандай инсандар шайланат. Парламент - коомдун күзгүсү. 1995-жылдары “депутатты көрүп эле ал чыккан райондун элине баа берсе болот” деген сөздөр айтылат эле. Чынында күчтүү райондордон күчтүү депутаттар чыкчу эле. Ал эми алсыз депутаттарды “аман эле белсун” деп коюшчу. Мына ошол учурда Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиев сыяктуу аксакалдар парламентке ушундай сын көз менен карашат эле. Акча менен келген парламенттин акыл-эси, деңгээли эч качан көтөрүлбөйт. Айтсам капа болуп жатышпайбы. Азыркы парламенттин деңгээли өтө төмөн. Бир ишке эрки жетпейт. Эрки жетсе да интеллектуалдык деңгээли жетпейт”, - деди Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Мукар Чолпонбаев, Ахматбек Келдибеков, экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан