Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы: “Учурдагы Жогорку Кеңешке жакшы деген баа бере албайм”

Бүгүн Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленүүдө. Парламент калктын бардык катмарларынын мүдөөлөрүн билдирүүгө, ар кыл пикирлерди макулдашуунун жалпы улуттук аянтчасы, коомдук үн катары кызмат кылууга чакырылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Учурдагы Жогорку Кеңешке кандай баа бересиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев жооп берди.

Ал азыркы депутаттар Конституция боюнча элдин өкүлү эмес деген пикирде.

“Учурдагы Жогорку Кеңешке жакшы деген баа бере албайм. Конституция боюнча алар элдин өкүлдөрү эмес. Биздин Конституцияда ошондой шарт каралып, Шайлоо кодексинде дагы ошол улантылып, шайлоочулар түздөн-түз депутатка добуш бербегенден кийин булар элди шайлоочу катары тааныбайт. Шайлоочулар дагы өзүнүн депутаты ким экенин билбейт. Парламент бийлик органы болгондон кийин ал жакка элдин өкүлдөрү гана барышы керек эле. Биздин шайлоочулар депутаттардын ар бирине добуш бербегенден кийин алар элдин өкүлү болуп эсептелбей калып жатат.

Азыр парламентке жалаң акчасы барлар баргандыктан алар жалпы элдин жашоосу менен байланышкан деп айтуудан алыспыз. Ошондуктан азыркы парламенттин курамына нааразычылыктар бар”, - дейт Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан