Саясий ишмер Азимбек Бекназаров: "Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин иши чабал болуп жатат"

Бүгүн Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленүүдө. Парламент калктын бардык катмарларынын мүдөөлөрүн билдирүүгө, ар кыл пикирлерди макулдашуунун жалпы улуттук аянтчасы, коомдук үн катары кызмат кылууга чакырылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Учурдагы Жогорку Кеңешке кандай баа бересиз?" деген соболуна саясий ишмер Азимбек Бекназаров жооп берди.

Ал бүгүнкү күндө парламенттин иши чабал болуп, алгылыктуу идеялар айтылбай жатканын билдирди.

"Парламентаризмди өнүктүрөбүз деп умтулуп, 27 жылдан бери аракет кылынууда, ошого жеттикпи? Тилекке каршы, бүгүнкү күндө деле президенттик башкаруудагы мамлекетте жашап жатабыз. Парламентте ой, идея айтылбай жатат. Айтылса дагы эске алынбай жатат. Батыштан келген эксперттердин кеңеши менен реформа жүргүзүлүүдө. Жогорку Кеңеш өз алдынчалыгын көрсөтүшү керек. Депутаттарды конституциялык реформага барууга чакырам. Алар эч кимге көз каранды эмес экенин көрсөтүшсүн, көрөлү. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин иши чабал болуп жатат", - деди Бекназаров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Адахан Мадумаров, Мукар Чолпонбаев, Ахматбек Келдибеков, экс-депутат Равшан Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан