Темир Сариев, мурдагы премьер-министр: "Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарын эркин аткара албай, жетеленме болуп жатат"

Бүгүн Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленүүдө. Парламент калктын бардык катмарларынын мүдөөлөрүн билдирүүгө, ар кыл пикирлерди макулдашуунун жалпы улуттук аянтчасы, коомдук үн катары кызмат кылууга чакырылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Учурдагы Жогорку Кеңешке кандай баа бересиз?" деген соболуна мурдагы премьер-министр Темир Сариев жооп берди.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңеш кээ бир иштерге көбүрөөк убактысын коротуп жатканын айтты.

"Жогорку Кеңеш - коомдун күзгүсү. Анткени парламентте отурган эл өкүлдөрдү коом шайлаган. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарын эркин аткара албай, жетеленме болууда деген катуу сындар айтылып жатат. Бул чындык. Кээде парламенттин ичинде саясий оюндар да болуп кетүүдө. Эл өкүлдөрү өздөрүнүн ишине тиешеси жок айрым чарбалык маселелер менен көбүрөөк алектенип кетишүүдө. Ал эми президентке парламенттин ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө болот, бирок үстөмдүгү болбошу керек. Үстөмдүк парламенттин өзүнөн дагы аныкталат. Эгерде популисттик мыйзамдарды алып, чарбалык иштерге кийлигишип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап турса, албетте, бул жерде оңдоо-түздөө иштери талап кылынат", - деди Сариев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Адахан Мадумаров, Мукар Чолпонбаев, Ахматбек Келдибеков, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясий ишмер Азимбек Бекназаровдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан