"Мэттис АКШ өнөктөштөрү менен тыгыз мамиледе болуп, Орусия жана Кытай сыяктуу өлкөлөргө каршы турушу керек экенин белгилеген. АКШнын коргоо министри бул өлкөлөрдү авторитаризмге жана коңшулардын ички иштерине кийлигишүүгө айыптаган. Пентагондун башчысы эл аралык тартипке доо кетирүүгө аракет жасагандарга каршы туруу үчүн өнөктөштөр менен болгон альянсты бекемдөөгө болгон күчтү жумшоо керектигин билдирген", - деп жазышат ММКлар.
"Бул жана башка маселелер боюнча көз карашы сиздики менен көбүрөөк дал келген коргоо министрин алууга укугуңуз бар, ошондуктан мен кызматтан кетүүнү туура көрдүм", - деген Мэттис. Мэттис расмий түрдө келерки жылдын 28-февралында кызматтан кетет.
Президент Трамп Мэттистин отставкасын тастыктап, Твиттерде анын эки жыл ичинде аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. АКШнын лидери жакын арада жаңы коргоо министринин атын атоону убада кылды.
Шаршембиде Трамп жакынкы эки айдын ичинде Сириядагы америкалык аскерлер чыгарыларын жарыялаган. Бул кадамды АКШнын өнөктөштөрү менен бирге Конгресс дагы сындаган. Мэттис Сириядан аскерлерди чыгарууга каршы болгону белгиленет.