Фарид Ниязов: "Жээнбековдун "шайлоонун кара кассасы" тууралуу эмоцияга алдырып айтканы түшүнүктүү"

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов өлкө башчынын "шайлоонун кара кассасы" тууралуу билдирүүсүнө жооп берди. Анын жообун КСДП партиясынын басма сөз кызматы жарыялады.

"Сооронбай Жээнбековдун эмоцияга алдырып айтканы түшүнүктүү, анткени “касса” маселеси бардыгына, анын ичинде мага да жагымсыз. Ооба, мен 2017-жылы Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын начальниги болгом, ошондуктан мага эч бир нерсени жашыруунун мааниси жок. Нурбек Токтакунов өзүнүн чуулгандуу тизмесин жарыялагандан кийин берген түшүндүрмөмдө тапшырылган ыйгарым укуктарым боюнча шайлоонун технологияларына гана жооп берип, шайлоо кампаниясын жалпы жонунан көзөмөлдөгөнүмдү гана белгилегенмин. Бул иштин абдан чоң көлөмү эле", - дейт Ниязов.

Мындан тышкары ал шайлоо кампаниясынын финансылары боюнча пикирин билдирди. "Шайлоого башкы демөөрчүлөрдү дайыма талапкерлер өздөрү таба турганы эч кимге деле шек жаратпайт. Өткөн жылда да ошондой болгон. Өзүнүн кампаниясы үчүн финансистти Сооронбай Жээнбеков өзүнчө аныктаган.

Эми жоопкерчилик туурасында. Кырдаалды иликтеп чыккан юристтер, шайлоо жөнүндөгү мыйзамга былтыркы жылы киргизилген оңдоолордун натыйжасында иш жүзүндө шайлоо штабындагы бир да кызматкер же активист, шайлоочуларды сатып алуу фактылары далилденген учурлардан гана тышкары, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт деп тастыкташууда. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү жана башка ушул сыяктуу калган финансылык тартип бузуулар боюнча эч кимди, анын ичинде штабдын активисттерин да жоопкерчиликке тартууга мүмкүн эмес.

Анткени Кылмыш-жаза кодексинин 140-беренесине ылайык, кылмыш жазасына тартуу үчүн тергөө шайлоо чыгымдарынын мыйзамда аныкталган чектеги сумманын ондон биринен ашып кеткен финансылык тартип бузуулардын болгонун далилдөөгө тийиш. Мисалы, Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо чектелген сумма 500 миллион сомду түзгөн. Бирок президенттик шайлоонун учурунда өткөн жылдан тартып, “чектелген сумма” деген түшүнүк болгон эмес, башкача айтканда, президентикке талапкердин шайлоо фондунун өлчөмү чектелген эмес, ал эми “чектелген сумма” болбогондон соң, кылмыш жазасына тартууну колдонууга да мүмкүн эмес. Бизге юристтер түшүндүрүп бергендей, мына ушундай кыйчалыш жагдай келип чыккан.

Эгерде финансылык тартип бузуулардын болгону шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин далилденгенде, талапкерди жарыштан алып салууга болмок. Эми бир жылдан кийин ушундай болуп турат, тартип бузуулар билингенден кийин кеп кылмыш жоопкерчилиги туурасында эмес, а президентке талапкердин өзүнүн да, негизги жардамчыларынын, анын ичинде мени да кошкондо саясий жана моралдык жоопкерчилиги туурасында болушу керек. Эми маалымат жыйынында Сооронбай Жээнбеков өзү белгилегендей, анын өзүнүн шайланышынын легитимдүүлүгү шек жаратып жатканы түшүнүктүү. Учурдагы кырдаал боюнча ала турган болсок, анда президенттик шайлоонун жыйынтыктарынын легитимдүүлүгүнү боюнча маселе дайыма үстүбүздө турганы калды окшойт", - деген пикирде Ниязов.

19-декабрдагы маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков "шайлоонун кара кассасын" ИИМ иликтеп жатканын айткан. "Эгер ошол чын болсо жооптуу кишилер жооп берет. Фарид Ниязов штаб башчысы болуп туруп "мен билбейм" деп анан өзүнүн эң жакшы көргөн адисин качырып жиберип ошол жактан айттырып жатат. Айтсын да ким берген, ким алганын. Бизде шайлоо системи жакшы систем. Ар ким өзү үчүн таштайт. Муну ар кандай жаман ойлору бар адамдар сценарий түзүп жасап жатат. Алардын максаты - менин легитимдүүлүгүм тууралуу айтып, элди дүрбөлөңгө салып, кайрадан бийликке келүү. Ага мен жол бербейм. Мен эл алдында ант бергем. Мени эл шайлаган. Мен мөөнөтүмдүн аягына чейин иштейм. Мамлекетти түндүк-түштүк кылып бөлгөнгө же башка нерсени алып чыгып дүрбөлөң салганга жол бербейм", - деген Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан