Бишкектин бир катар аймактарында 5 күнгө чейин жаратылыш газы убактылуу токтотулат

Бишкектин бир катар аймактарында авариялык жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 5 күнгө чейин жаратылыш газы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
24-28-декабрда Бишкек шаарынын Курманжан датка, Чоң Чүй каналы, Лермонтов, Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
24-26-декабрда Махатма Ганди, Можайский, Манас проспектиси, Васильев көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүндө;
24-25-декабрда Орто-Сай айылынын Ала-Арча шаарчасында газ берилбейт.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жаратылыш газын колдонуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана шаймандардын үзгүлтүксүз иштөөсүн жөнгө салуу максатында жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан