ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2018: Футболчулар алгачкы ирет Азия Кубогуна аттанса, күрөштө жаңы жылдыздар пайда болду

2018-жыл Кыргыз спорту үчүн ийгиликтүү жана медалдарга бай болду. Жыл ичинде кыргыз спортчулары спорттун ар кайсы түрүнөн өткөн Азия жана Дүйнө чемпиондуктарында, Кышкы Олимпиадада, Жайкы Азия оюндарында жана башка беделдүү мелдештерге катышты. Бул мелдештерден кыргыз спортчулары байгелүү орундарга илинип, рекорддорду дагы жаңылаганга үлгүрүштү. 2018-жылдын спорт жаатындагы ийгиликтер көп болгондуктан жыл жыйынтыгынын биринчи бөлүгүн сунуш кылабыз. Бул макалада спорттун кышкы түрү, күрөш жана футбол боюнча жыл ичиндеги жетишкендиктер баяндалган.

КЫШКЫ СПОРТ

Кышкы Олимпиада оюндары:

Жыл башындагы эң ири мелдеш Түштүк Кореяда өткөн Кышкы Олимпиада оюндары болду. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев катышкан. Жаркымбаев лыжа менен жарышуу түрү боюнча мелдешке чыкса, Тимофеев слалом жана гигант слалом мелдешине чыккан.

Тариэл Жаркымбаев 1 чакырым 400 метр аралыктагы жарышта, жалпы 80 спортчу менен күч сынашкан. Ал 4 мүнөт 5,99 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, 78-орунда жайгашкан. Бул жыйынтык менен кыргыз спортчусу мелдештин чейрек финалдык бөлүгүнө өтө албай калган.

Евгений Тимофеев гигант слалом түрүндө алгачкы этапта 72-орунду ээлеп, кийинки этапка өткөн. 2-этапта Тимофеев 1 мүнөт 20 секунд жыйынтыгына көрсөтүп, 63-орунду ээлеп калган.

Слалом түрүндө Тимофеев алгачкы этапта 1 мүнөт 1,56 секунд жыйынтыгы менен 49-сапта жайгашып, экинчи баскычка өткөн. Экинчи баскычта 1 мүнөт 02,37 секундда келип, жалпы көрсөткүчү 2 мүнөт 3,93 секунд менен 40-орунга жайгашкан.

СПОРТТУК КҮРӨШ

Кыргыз балбандары жыл ичинде спорттук күрөш боюнча мелдештерде 70тен ашуун медалдарды жеңип алышты. Анда кыргыз балбандар өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында Гран-При мелдештеринде, Азия оюндарына, Азия жана Дүйнө чемпиондуктарында катышты. Бул мелдештердин арасында Бишкекте өткөн Азия чемпиондугун, жаштар арасындагы жана чоңдор арасындагы Дүйнө чемпиондугун белгилеп кетсе болот.

Чоңдор арасындагы Азия чемпиондугу:

27-февралдан 4-мартка чейин Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу өткөрүлгөн. Бул мелдеште кыргыз балбандары 11 медаль тагынып, анын ичинде 2 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медалдар болду. Алтын байгелерди Кыргыз капчыгына Акжол Махмудов менен Муслим Евлоев алып келишти.

Өлкөбүздүн жаш балбаны Акжол Махмудов грек-рим күрөшүндө 72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалдык беттеште казакстандык Демеу Жадраев менен кездешкен. Беттеш 8:6 эсебинде Махмудовдун жеңиши менен аяктап, кыргыз балбаны алтын медалды жеңип алган.

Муслим Евлоев эркин күрөштө 74 килограмм салмак ченинде күч сынашкан. Ал финалдык беттеште монголиялык балбан менен кездешип, 13:1 эсеби менен жеңишке жеткен. Муну менен Муслим Евлоев Азия чемпиону аталып, кыргыз капчыгына 2-алтын медалды алып келген.

Азия чемпиондугунда күмүш медалдарды грек-рим стилинде Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Урмат Аматов тагынса, коло медалдарды Каныбек Жолчубеков, Азат Бейшебеков, Үзүр Жузупбеков жана Мурат Рамонов тагынган. Коло медалдарды эркин күрөштө Улукбек Жолдошбеков жана кыз-келиндер арасынданы күрөштө Мээрим Жуманазарова жеңип алышты.

Жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу:

Сентябрь айында Словакиянын Транава шаарында күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу өткөн. Дүйнө биринчилигинде Кыргыз өлкөсүнөн 18 балбан грек-рим жана эркин күрөш боюнча катышкан.

Бул мелдеште 63 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Эрбол Бакиров атаандаштарына мүмкүнчүлүк бербей, алтын медалды тагынды. Бакиров АКШлык Алстон Жон Нуттерди 10:0 эсебинде, армениялык Храча Погосянды 5:1 эсебинде, германиялык Хловелл Ван Мейерди 13:3 эсебинде жеңип финалга чыккан. Финалдык беттеште Эрбол Бакиров египеттик Ахмед Мохамед менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңип алган. Бул жеңиш менен ал Дүйнө чемпиону наамына татыды.

77 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз балбаны Акжол Махмудов күрөшүп, коло медалды багындырды. Ал алгачкы беттешинде ирандык Хоссейн Афифини 10:1 эсебинде, жарым чейрек финалда беларустук Артём Волосковичти 9:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда орусиялык Ислам Опиев менен беттешкен. Бул беттеш 1:1 эсеби менен жыйынтыкталып, жеңиш орусиялык балбандын тарабында болгон. Опиев финалга өтүп Махмудов көңүл жубатуучу раундда күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Анда Махмудов кытайлык Юлиана Юлиананы 9:1 эсеби менен жеңип, коло медаль үчүн беттеште АКШлык Камал Бей менен кездешти. Акжол Махмудов АКШлык балбанды 8:1 эсеби менен утуп, Дүйнө чемпиондугунун коло медалын тагынган.

Чоңдор арасындагы Дүйнө чемпиондугу:

Октябрь айында Венгриянын Будапешт шаарында чоңдор арасындагы Дүйнө чемпиондугу өткөрүлгөн. Ага Кыргыз өлкөсүнөн грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөштө 11 балбан күч сынашкан. Алардын арасынан медалга Жоламан Шаршенбеков гана илинди. Ал мелдештин финалына чейин жетип, алтын медалдын тагыдырын чечүүчү беттеште жеңилип калган.

Жоламан Шаршенбеков 55 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым чейрек финалда түштүк кореялык Хи Донг Сонду 9:0 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалда 11:0 эсеби менен армениялык Норяр Хахоянды жеңип, жарым финалда 9:0 эсеби менен түркиялык Екрем Озтүрктү утуп алган. Финалда Жоламан Шаршенбеков жаштар арасындагы 2 жолку дүйнө чемпиону азербайжандык Эльдениз Азизли менен кездешкен. Алтын медаль үчүн бетеште азербайжандык балбан мыктыраак болуп, Жоламан Шаршенбеков 0:10 эсебинде жеңилип калган.

Ошондой эле кыргыз балбандары Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарына катышып, грек-рим күрөшү боюнча 2 күмүш жана 2 коло, эркин күрөштө 1 күмүш, кыз-келиндер арасындагы күрөштө 1 күмүш жана 2 коло медалды тагынып келишкен.

ФУТБОЛ

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы быйыл алгачкы ирет Азия Кубогуна аттанып, дүйнө рейтингинде 75-орунга көтөргөнгө үлгүрдү. Жыл ичинде Кыргыз улуттук курама командасы 8 беттеш өткөрүп, дагы 2 беттешти ушул жылдын акыркы күндөрүндө өткөрө турганы пландалууда.

Өткөргөн 8 беттештин ичинен Кыргыз улуттук курама командасы 5 жолу жеңишке жетип, 2 жолу жеңилип, 1 беттеш тең эсеп менен аяктаган. Кыргыз футболчулары Мьянма, Индия, Сирия, Малайзия, Иордания курама командаларын жеңип, Азербайжан менен Японияга жеңилип калган. Ал эми тең эсепте Палестина курамасы менен ойногон. 25-декабрда Кыргыз улуттук курама командасы Катар менен жана 31-декабрда кайрадан Палестина курама командасы менен ойнойт.

Кыргыз курамасы алгачкы жолу Азия Кубогунун финалдык баскычында:

Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун тандоо турунда Индия, Мьянма жана Макао курама командалары менен беттешкен. Кыргыз футболчулары тандоо турунун алкагында 4 жолу жеңишке жетип, 1 жолу жеңилүү ызасын тартып, 1 жолу атаандашы менен тең эсепте ойногон. Азия Кубогуна тандоо туру 2017-жылдын март айында башталган. Ошол жылда Кыргыз улуттук курамасы Макаону 2 ирет жеңип, Мьянма менен конокто тең эсепте ойноп жана Индия курамасына конокто жеңилип калган.

2018-жылды Кыргыз улуттук курамасы Мьянмага каршы беттеш менен баштаган. Оюн Бишкекте өтмөк, бирок саясий кырдаалдан улам токтотулуп Түштүк Кореяга жылдырылган. Инчон шаарында орун алган беттеште Кыргыз футболчулары өз чеберчилигин көрсөтүп, 5:1 эсебинде жеңип алышкан. Бул жеңиш менен Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун финалдык баскычына алдын ала жолдомо камсыздай алган.

Азия Кубогунун тандоо этабынын акыркы турунда Кыргыз курама командасы Индия курама командасы менен кездешкен. Бишкек шаарында орун алган беттеште кыргыз футболчулар Индияны 2:1 эсеби менен жеңип алган. Бул жеңиш менен Кыргыз курамасы тандоо турунун алкагында 13 упай топтоп, тайпада упайлар боюнча Индия менен тең болгон. Бирок Индия курамасы үйүндө жана конокто гол киргизгени үчүн тайпадан 1-орунга чыккан.

Эми Кыргыз улуттук курама командасы футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык баскычында "С" тайпасында оюн жүргүзүп, анда Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин командалары менен беттешет. Азыркы тапта Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогуна даярданып, Катар мамлекетинде окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Жыйындар 2019-жылдын 2-январында жыйынтыкталат. Буга чейин Кыргыз курама командасы май айында Азербайжанда, август-сентябрь айларында Бишкек шаарында, октябрда Малайзияда жана ноябрда Японияда окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asiamoll
2018-12-25 21:09:47
Күрөш жагынан көп ийгиликтер жаралды,жакшы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан