Жети-Өгүздө 2 жаштагы наристе шымына сийип койгону үчүн сабалган, ал ооруканада чарчап калды. Кылмышка таежеси шектелүүдө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2 жаштагы наристе катуу сабалган абалда ооруканага түшүп, андан соң каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-декабрда болжол менен саат 12:00 чамасында Жети-Өгүз райондук ооруканасына 2 жаштагы наристе денесиндеги оор жаракаттары менен келип түшкөн.

"Бала Жети-Өгүз райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда келип түшкөн. Анын денесинде көк ала тактар болгон жана бир аздан кийин чарчап калган. Наристенин өлүмү боюнча териштирүү иштеринде төмөнкү жагдайлар ачыкталды. Баланын апасы 21 жашта, ал жолдошу менен ажырашып, Орусиянын Москва шаарына иштөө үчүн 12-декабрда кеткен. Ал эми баласын бир тууган эжесине таштаган. Шектүү катары кармалган наристенин таежеси алгачкы көрсөтмөдө баланы шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Ал баланы чымчып жана далысына бир-эки жолу чаап, төшөккө ороп жаткырып койгон. Бир аз убакыт өткөндөн кийин баланын абалы начарлаганын байкап ооруканага алып келген", - деди басма сөз кызматкери.

Учурда бул факты боюнча Жети-Өгүз РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча иш козгоп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми 40 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
BKanietovna
2018-12-24 12:29:41
Байкуш балада эмне куно . Кантип гана колду барды болду экен
+3
evidens
2018-12-24 12:44:07
Эчкимге ишенбеш керек азыр...
+3
Mystery
2018-12-24 13:06:03
Кусада жургон бала ошондой. Кандай окунучтуу
-1
Jasa
2018-12-24 13:06:49
Москвага барсам 1 бала менен кыйналам дегендер адашат,1 бала менен любой жерге батып ,иш таап бутка турса болот,просто азыркы энелер россия десе эле бала менен кыйналам деген ой мээсине куюлуп калган,эгер каалоо болсо бардык нерсеге жетишет,туугандан коро жат жакшы болуп калган заман,россияга келсе сураштырып балалуу бироо менен кошо жашап,сааты аз жумуш таап иштесе болот,1 жыл чыдасан садикке алат,эгер жугуруп очередге койсон кыскасы баланы таштабагылачы
+8
Skarlett-Skarlett
2018-12-24 13:28:16
Мынча мыкаачысынар!?Урбагылачы жаш балдарды((((
+3
bond02
2018-12-24 13:41:23
Тушунбойсун ушундай адамдарга, оздору сийбей чонойгондой. Катуу жазага тартуу керек мындайды.
+6
Tunerbei1812
2018-12-24 14:33:48
Мындайда эмне учун баланы туудурган ата сорой жонундо соз жок.
+2
munduz2016
2018-12-24 15:30:34
Эх тагдырлар...
0
Aikaaaa
2018-12-24 15:39:17
Жыл жаңыраарда кичикий балдардын окуясы көп болуп жатат, байкуш балдар. Бири чоң энеси, атасы болуп талаага ташталса. Бири таэнеси жаш бала менен мамилелешип, мас болуп, балдарды карабай, алар зордукталып, өлтүрүлүп. Эми минтип шымына сийип койгондугу үчүн сабалып, чарчап атат
+2
Aman-moskva
2018-12-24 15:45:46
Омур бой камаш керек мындай ит терди наристеде не куно сийсе сийет да о Аллахым озун сактай кор
+2
Nsh
2018-12-24 15:46:00
Мнеге бейбаштык беренеси менен иш козголду бул жерде адам олтуруу беренеси менен иш козголушу керек болчу
+3
tina-Tin
2018-12-24 22:21:08
Жаш балдарды коргойлучу. Мыйзамды катуурак кылуу керек. Адамдардын пейили бузулду.
0
Colombiana
2018-12-25 08:21:34
tina-Tin,кечирим сурайм,плюсту басам деп минус басылып кетти.
0
Meken28
2018-12-25 08:09:07
Ehhh jashoo bala mn eneni ajyratpasynchy ,,eneler tashtabalgyla baldarynardy echkimge,,ejesin sabap olturush kk,balany korkutup urganyn bashy jok,,baikush bala kandai kyinalyp oldu
0
Colombiana
2018-12-25 08:34:20
Бир тууганынын баласын ушунча сабайбы тем более эч нерсени тушуно элек наристени.Байкуш наристе,таежесине калгандан бери далай кордукту корсо керек.
0
aerforce
2018-12-25 23:24:58
Тозоктун отуна чыркыратып куйкаласын кантип колуң барды наристени урганга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан