Социалдык тармактарда Индонезиянын Танжунг-Лесунг шаарында "Seventeen" поп-группасынын концерти өтүп жаткан учурда цунами каптаган видео тарады. Аталган видеодо суу ташкыны концерт өтүп жаткан аянтчадагы музыканттарды каптап, андан кийин көрүүчүлөрдү көздөй агылган.
Ишемби күнү баскан кырсык Индонезияда орун алып, андан 281 адам каза болгон. Акыркы маалыматтарга таянсак, дагы миңден ашуун адам жаракат алып, 57 киши дайынсыз болууда. Ал эми бийлик өкүлдөрү жергиликтүү тургундарга бул табигый кырсык кайталанарын эскертип жатышат.