Орусиянын Хабаровск крайында атасы менен кошо аңчылыкка барган 3 жаштагы бала атасынын өлүмүнөн кийин артка жол таап, аман кайткан. Мындай маалыматты ТАСС басылмасы Кенай айылынын башчылыгына таянып жазды.
Маалыматта белгилүү болгондой, 3 жашар бала атасы кырсыктап каза болгондон кийин кыштын суугунда түн ичинде калк жашаган аймактан алыс, токойдо жалгыз калып калган.
"Жергиликтүү тургун 3 жашар баласын кечинде бала бакчадан алып, андан ары балык уулай турган жерге жол издеп жөнөгөн. Себеби эртеси күнү ал аңчылыкка чыкмак экен. Калк жайгашкан аймактан 3 чакырымдай алыстап кеткенден кийин баласын жол жээгине түшүрүп коюп, карда жүрүүчү унаасы (снегоход) менен дарыянын үстүндөгү музду текшергени барган. Ошол маалда муз жарылып кетип, атасы сууга түшүп кеткен", - деп билдирген айыл башчы.
Кичинекей баланын түшүндүрүп бергенине караганда, атасы суудан "айылга кайт" деп айтканга жетишип калган. Бала карда жүрүүчү унаанын жолу менен артка кайткан. Бирок айыл тарапка эмес, башка жолго түшүп алып, такыр эле киши барбаган жакка адашып кеткен. Ошол түнү Тайгада абанын температурасы -30... -35 градуска чейин төмөндөгөн.
Түн ичинде жалгыз жүргөн баланы, бактыга жараша, токойчу көрүп калып, айылга алып келген. Учурда баланын абалы жакшы, ал дене табы көтөрүлүп, үйүндө дарыланып жатканын жазат басылма. Ал эми муз жарылып сууга түшүп кеткен баланын атасын куткаруучулар издеп жатышат.