Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койду. Мындай маалыматты өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
"Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн "2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтомуна ылайык, жарандар 2019-жылдын 1-2-3-4-5-6 жана 7-январында, ошондой эле 9-10-11 жана 12-майында эс алышат.
Токтомго ылайык, 25-февралдагы дем алыш күнү 2-январдагы жумушчу күнгө, 8-апрелдеги дем алыш күнү 3-январдагы жумушчу күнгө, 2-сентябрдагы дем алыш күнү 4-январдагы жумушчу күнгө, 6-майдагы дем алыш күнү (5-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 10-майдагы жумушчу күнгө которулууда", - деп билдиришти аппараттан.
Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, 2018-жылдын 31-декабры (дүйшөмбү) иш күнү болуп саналат.