Депутат Мирлан Бакиров: “Өмүрбек Текебаевдин маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлүп келген”

Буга чейин Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага кат жолдогон. Бирок аталган маселе парламенттин жалпы жыйынында карала элек. Жакында эле Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Текебаевдин парламентаризмдин өнүгүшүнө чоң салым кошконун айтып, бирок анын маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлбөй жатканын сынга алды.

SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Текебаевдин маселеси Жогорку Кеңеште эмне себептеп көтөрүлбөй жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров жооп берди.

Ал бир топ депутаттар тарабынан Текебаевдин маселеси көтөрүлүп келгенин айтты.

“Өмүрбек Текебаевдин парламентаризмге кошкон салымы чоң. Жогорку Кеңеште анын ишин кайра кароо боюнча маселе көтөрүлүп келген. Бул маселени “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары, мен, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов көтөрүп жүрөт. Маселе көтөрүлгөн учурда Башкы прокуратурага Текебаевдин адвокаттары тарабынан кайра кароо боюнча кат жөнөтүлгөн. Бирок алардан бул ишти кароого негиз жок деген жооп келген. Бул укуктук, соттук иш менен чечиле турган маселе. Биз бир маселени көтөрүп, багыт, сунуш бере алабыз. Ал эми соттун ишине кирише албайбыз”, - дейт Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Исхак Масалиев, Алмамбет Шыкмаматов, саясатчы Азимбек Бекназаров жана укук коргоочу Рита Карасартованын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан