"Бир маселени баары колдогудай парламент депутаттары бир атанын балдары эмес да. Текебаевдин ишин кароодо камакта отурган 12 миң жаранды да ойлош керек да. “Ата Мекен” фракциясы Текебаевдин маселесин көтөрүп жатканы менен “келгиле, токтом кабыл алалы” дегенин көрө элекмин. Парламентти ушул сыяктуу иштерди карабайсыңарбы деп айтышат. Мындай маселелерге аралашса, "Жогорку Кеңеш өз ишин кылбайбы" деп сындашат. Учурда өлкөдө 18 миң кылмыш иши бар. Камакта болсо 12 миң адам отурат. Совет доорунда мыйзамга ылайык, соттолгон киши ырайым сурап кайрылчу. Бүгүн андай талап жок. Бирок арыз менен кайрылса болот деп турат.
Парламент Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча кол коюп, президентке берсе, бул да негиз болушу мүмкүн. “Президент Текебаевди бошотсун” деп жатышат. Бирок камакта отурган 12 миң адам “мени да бошот” деп айтат да. “Ата Мекен” фракциясы кайрылуу жасап, мага келсе, сөзсүз кол коймокмун. Адам камакта отурат. Аны чыгарыш керек болсо мыйзамдуу жолун издеш керек. Текебаевдин иши боюнча “саясий куугунтук болгон” деп мамлекеттик комиссия түзсө, ошол саясий баа бере алат. Бирок куру сөз эч нерсеге алып барбайт. Текебаевдин иши саясий куугунтук болгонун сезип турабыз да”, - деди Масалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Мирлан Бакиров, Алмамбет Шыкмаматов, саясатчы Азимбек Бекназаров жана укук коргоочу Рита Карасартованын пикири бул шилтемеде.