Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Кайсы бир күчтөр Текебаевдин эркиндикке чыгышынан коркуп жаткандай"

Буга чейин Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага кат жолдогон. Бирок аталган маселе парламенттин жалпы жыйынында карала элек. Жакында эле Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Текебаевдин парламентаризмдин өнүгүшүнө чоң салым кошконун айтып, бирок анын маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлбөй жатканын сынга алды.

SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Текебаевдин маселеси Жогорку Кеңеште эмне себептеп көтөрүлбөй жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов жооп берди.

Ал Өмүрбек Текебаевдин маселеси парламентте бир нече жолу көтөрүлгөнүн айтты.

"Биздин фракция бир нече жолу Өмүрбек Текебаевдин маселесин кароо боюнча сунуш киргизгенбиз, талап кылганбыз. Тилекке каршы, бир да жолу күн тартибине кирген жок. Добуш жетпей калып жатты. Көп депутаттар каршы болуп туруп алышты. Менимче, кайсы бир күчтөр Текебаевдин чыгышынан коркуп жаткандай", - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Исхак Масалиев, Мирлан Бакиров, саясатчы Азимбек Бекназаров жана укук коргоочу Рита Карасартованын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан