Укук коргоочу Рита Карасартова: "Депутаттар Текебаевдин маселесин көтөрүп чыкса, алардын ар бир сөзүнө юридикалык жактан текшерүү болот"

Буга чейин Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага кат жолдогон. Бирок аталган маселе парламенттин жалпы жыйынында карала элек. Жакында эле Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Текебаевдин парламентаризмдин өнүгүшүнө чоң салым кошконун айтып, бирок анын маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлбөй жатканын сынга алды.

SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Текебаевдин маселеси Жогорку Кеңеште эмне себептеп көтөрүлбөй жатат?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

Ал Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу бийлик болгондуктан мыйзамдуу жолдорун издөөдө деген пикирде.

“Жогорку Кеңеш өзү мыйзам чыгаруу бийлик бутагы болгондон кийин мыйзамдуу жолдорун издешет. Өмүрбек Текебаев “президенттен ырайым сурабайм, мен кылмыш ишин кылган эмесмин” деди. Бирок юристтердин айтымында, президент куугунтукка кабылгандардын баарына ырайым кылса болот. Көпчүлүктүн пикиринде, Текебаевди чыгарып коюу президенттин колунда. Эгерде депутаттар бул маселени көтөрүп чыкса, ар бир сөзүнө юридикалык жактан текшерүү болот. Бирок тегерек үстөлдөрдө же ар кандай жыйындарда көтөрүлүп, өлкө башчыны мартчылыкка, айкөлдүккө чакырабыз деген сөздөр айтылып жатат. Ал эми парламент өзүнчө бийлик бутагы, ошондуктан соттун чечимин туура эмес деп айтууга мыйзамдуу укугу жок”, - деди укук коргоочу.

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Исхак Масалиев, Алмамбет Шыкмаматов, Мирлан Бакиров жана саясатчы Азимбек Бекназаровдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан